Биз социалдык тармакта

БУУ шайлоочуларды идентификациялоо үчүн БШКга биометрикалык жабдыктарды тапшырды

Кечээ, 22-сентябрь күнү 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү максатында Кыргыз өлкөсүндөгү БУУнун өнүктүрүү программасы шайлоочуларды идентификациялоо үчүн БШКга биометрикалык жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабдууларды өткөрүп берүү аземине БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев, БУУнун өнүктүрүү программасынын өлкөдөгү туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда катышты.

БУУнун өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында, ошондой эле БШКнын жана МККнын кызматкерлери үчүн жабдууларды колдонуу боюнча окутууларды жана тренингдерди өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saiit
2020-09-23 10:32:54
Нуржан шалтрукбаева адилетсиз айал! Буу шайлоду да козомолдоого жардам берсе жакшы болот эле!! БШК ото адилетсиз буларга ишениш ото кыйын булитендердида бурмалайт!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан