Бүгүн, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил майрамы. Буга байланыштуу бүгүндөн тарта SUPER.KG порталы "Эне тилге эки мүнөт" аттуу рубрикасын чыгара баштады. Мындан ары окурмандар порталдын жаңылыктар лентасынан кыргыз тилин үйрөнүүгө багытталган материалды да таба алат. Рубрикада кыргыз тилиндеги архаизм сөздөрдүн, фразеологизмдердин, макал-лакаптардын маани-маңызын, дегеле бай тилибиздин сандыгында катылган "байлыктарын" тилчилердин түшүндүрмөсүндө айтып беребиз.
Бул ирет бизге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев Махмуд Кашгаринин "Түркий тилдер сөз жыйнагындагы" архаизмдердин маанисин чечмелеп берди. Эске алсак, Кашкари Жусуп Баласагындын доорунда 11-кылымда жашаган.
-
Күбөк. Мааниси - сөйкө. Мисалы Аалы Токомбаевдин "Мунарым" деген ырындагы "Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым" саптарында кездешет.
-
Жек. Мааниси - шайтан. Мисалы "Жерден жек чыкты, эки кулагы тик чыкты" деген табышмак бар. Табышмактагы "жек" деген сөз шайтан деген маанини билгизген. Азыркы кезде бул архаизм сөз макал-лакаптарда гана колдонулуп калды. Ал эми табышмактын жообу жүгөрү экенин билебиз.
-
Ултан. Мааниси - таман. "Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол" деген сөз бар. Бирөөнүн жеринде султан болуп жүргүчө, өз элиңдин таманында жүргөн артык деген маанини билдирет.