Биз социалдык тармакта

Өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. 24-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 24-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан жел согуп турат. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4...+9, күндүз +18...+23;

Нарын жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +18...+23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз +2...+7 градус;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +7...+9, күндүз +21...+23 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан