Биз социалдык тармакта

Казак-Орус чек арасынан өтө албай жаткан кыргыздар өлкөгө алып келинет

Орусиянын Оренбург облусундагы жана Башкортостан Республикасындагы кыргыздарды өлкөгө алып келүүгө Казакстан коридор ачып берди. Мекендештерди алып келүү 24-25-сентябрда ишке ашырыларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери учурда жүргүнчүлөр үчүн каттамды уюштуруу иштери менен алектенүүдө. Мекенге кайтууну каалагандардын саны көп болгондуктан каттам 2 күнгө уюштурулду.

Министрликтен Казак-Орус чек арасы дагы деле жабык экенин эскертип, жарандарды өз алдынча жолго чыкпоого чакырат.

Буга чейин Казак-Орус чек арасынан 3 миңден ашуун Кыргыз жараны өтө албай жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kulatov
2020-09-23 15:55:19
Мигранттар тойгуздунар көчөгө чыгып алып уят эле өзү да эч кимге кадыры жок мамлекет элек биротоло уят кылып бүттүңөр
+1
modem4999
2020-09-23 15:58:43
Kulatov, жыргагандарынан кетишпесе керек да
0
Kulatov
2020-09-23 17:00:37
modem4999,жыргагандарынан кетишпеср кысып отуруп иштеп келишпейби
-3
MAKALAK
2020-09-23 18:17:51
Иш толуп атат иштей бербейсиңерби
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан