“Сасык тумоодон жана COVID-19дан оорунун күчөп кетишин болтурбоо максатында өкмөт эл ичинде 16-сентябрдан баштап профилактикалык эмдөө иштерин жүргүзүп жатат”, - деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү маалымат жыйында.
Эмдөө республиканын бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, ФАПтарда акысыз жүргүзүлөт. Муктаждыгына жараша мобилдик топтор ишке тартылат.
Ошондой эле анын айтымында, эгерде тийиштүү шарттары бар болсо, айрым менчик саламаттыкты сактоо уюмдарына эмдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген:
Бишкек шаарында - 10 менчик медициналык борбор;
Ош шаары - 6 менчик медициналык борбор;
Жалал-Абад, Баткен, Таласта – Цадмир менчик медборбордун филиалы;
Нарында Бонецкий лабораториясынын филиалы.