Эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов бүгүнкү брифингде билдирди.
"Эң көп кайрылуулар авиакаттамдардын жандандырылуусу боюнча келип жатат. Өткөндөгү брифингде 32 өлкөгө каттамдарды ачууга макулдук берилгени айтылган. Анын ичинен өтө көп суралган: Орусия, Казакстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары. Эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштерди күчөтөбүз", - деди Боронов.