Биз социалдык тармакта

Белгилүү композитор Маматибраим Бостонкуловго ден соолугун чыңдоо үчүн материалдык жардам көрсөтүлдү

Белгилүү композитор-мелодист, акын, жазуучу жана драматург Маматибраим Бостонкуловго президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 23-сентябрда кабарлашты.

"Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев маданиятка эмгек сиңирген ишмер, композитор-мелодист, акын, жазуучу жана драматург Маматибраим Бостонкуловдон кабар алышты. Буга чейин инсульт алып, ооруканада жаткандыгы маалым болгон.

Жолугушуу учурунда Маматибраим Бостонкуловго ден соолугун чыңдоо үчүн президенттин атынан материалдык жардам тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Бостонкулов Маматибраим 1954-жылы туулган. Ал 1987-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. Чыгармачылык ишин 1968-жылы баштаган. Чыгармачылык жолунда балдар үчүн алтымышка жакын обондуу чыгармаларды, фортепианолук, хордук чыгармалары болуп эки жүзгө жакын обондорду жараткан, бир катар китептердин автору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nunu77
2020-09-23 20:35:12
Аябай жакшы иш кылышыптыр.Мадын ака оорубаныз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан