Ноокатта Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен унаадагы 4 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек—Папан-Кожокелең унаа жолунун Күндү-Дөбө айылында жол кырсыктын кесепетинен Хундай портер үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, унаадагы 2016-жылы туулган жаш бала сууга чөгүп кеткен. 23-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан 14 куткаруучу тартылды.
24-сентябрь күнү издөө иштери улантылат", - деп айтылат маалыматта.