Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда той өткөрүп жаткан кафеге айып салынып, жарыгы өчүрүлдү

Жалал-Абадда той өткөрүп жаткан кафеге айып салынып, жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад шаарында кечээ, 23-сентябрда тойканаларга рейд жүрдү. Вице-мэр Нуртилек Орозбаев баштаган топ бир катар той өткөрүүчү жайларды текшерүүгө алды.
Рейдде "Достук" кафесинде 100дөн ашык адамдын катышуусунда үлпөт той өтүп жатканы белгилүү болду. Комиссиянын чечими менен тойкананын электр жарыгы өчүрүлүп, ээсине 3 миң сом айып пул салынды.
Буга чейин өткөн аппараттык жыйында мэр Мураталы Тагаев коронавирус илдетинин экинчи толкунунун алдын алуу багытында рейддерди, түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. Ага ылайык базарларда, тойканаларда рейддер өткөрүлүп, ооруну жайылтпоо чаралары көрүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurdinova
2020-09-24 21:55:37
70 миң 80 миң салыш керек штраф. 3 миң төлөп коюп кайрале өткөрө беришет да акмактар. Дагы карантин киргизип койсо отурушат анан бизди ким багат деп. И так Жалалабатта азайбай эле көбөйүп баратат деп атат дагы деле тоготушпайт. Көк мээлер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан