Биз социалдык тармакта

Оштун Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу заманбап бала бакча ачылды (фото)

Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында 120 орундуу “Балажан” атындагы заманбап бала бакча пайдаланууга берилди.

Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, билим берүүнүн ардагерлери, шаар тургундары катышты.

Шаар жетекчиси жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын ар бир кичи районуна бала бакча куруларын билдирди.

“Биздин негизги максат - келечек муундарга шарт түзүп, көңүл буруу. Кечээ Амир-Темирде 100 орундуу бала бакча ачылды. Бүгүн Юго-Восток кичи районуна 120 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берип жатабыз. Бүгүнкү күндө Ак-Тилек, Южный кичи райондорунда жана Арек айылында бала бакча курулууда. Мектеп, бала бакча куруу иштери токтобойт”, - деди мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AdylbekB84
2020-09-24 14:12:27
Азаматсыз Оштун мэри!
+4
Saiit
2020-09-24 14:54:34
AdylbekB84,Бокту азаматпы жеп жутар бул ушул курулуштун жарым акчасы сол чонтоко кетти!! Ош шаарынын бужетти пачти Бишкектикиндей!!
-6
captain
2020-09-24 14:19:44
Буйруса чонойгондо депутат болушат баары
-1
Aikan1966
2020-09-24 14:29:44
Азамат,жакшы иштеп жатат,башка жаштарды да,
озундой кылып жакшы иштерге тарта берсин
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан