Биз социалдык тармакта

Ички иштер министринин орун басары: "Аравандагы окуя боюнча камакка алынгандардын кимиси кайсы партиядан экени аныкталууда"

Бүгүн, 24-сентябрда парламенттик шайлоого карата даярдыктар боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Анда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметовго Аравандагы мушташ боюнча камакка алынгандардын кимиси кайсы партиядан экени боюнча суроо берилди.

Ал бул боюнча аныктоо иштери жүрүп жатканын айтты.

Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан