Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ата-энелер жана окуучулар арасында COVID-19 илдетинен сактануу боюнча онлайн ачык сабак өттү. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Балыкчы шаарынын бардык мектептеринде илдеттен сактануу, алдын алуу, дезинфекциялык каражаттарды колдонуу жана оорунун биринчи белгилери болгон кезде эртерээк доктурга кайрылуу боюнча ачык сабактар Zoom, WhatsApp аркылуу өтүлүп жатканы маалымдалат.