Биз социалдык тармакта

БШК Аравандагы окуя боюнча эки талапкерди каттоодон алып салуу сунушун колдоду

Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп жатат. Анда БШКнын төрайымынын орун басары Араван районундагы мушташ боюнча аты аталган эки талапкерди каттоодон чыгарып салууну сунуштады. Алар "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Ильхом Маннановду, "Биримдик" партиясынан Шүкүрулло Файзуллаев. Ошону менен катар эле партияларга эскертүү берүү сунушталды.

Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрүн каттоодон алып салуу сунушун колдоду. Ал эми эки партияга эскертүү берүү сунушу колдоо тапкан жок.

Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aurum
2020-09-24 18:54:43
Партияларга эскертүү берсе жакшы болмок калыстык учун
+1
Saiit
2020-09-24 21:39:32
Демократиялык эркин бейпил тынч олкодо мындай дебаштарлар болбошу керек тополон чыгарчууларга катык чара коруп 5 жыл камаш керек мулкторун мамлекеттин эсебине алуу керек Байлар ото кооп кетти кулдарын уруштуруп койуп!! БШКы Сокенин кулдары БШКга да ишенич 12%!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан