Тар трусалар варикоз оорусу барлар үчүн коркунучтуу. Анткени мындай труса жамбашты бекем кысат. Ошондуктан ал жерде кан көп топтолуп, варикоз оорусунун күчөшүнө алып келет.
Синтетикалык тар ич кийим жука чурай, жамбаштагы температураны жогорулатат. Бул бактериялык инфекциялардын топтолуусуна алып келип, натыйжасында сезгенүүнү жаратат.
Мындан тышкары тар ич кийимдин мырзаларга жана айымдарга тийгизген зыяндары боюнча өзүнчө бөлүп карасак.
Айымдарга
- Айымдарга өзгөчө синтетикалык ич кийимдердин зыяны чоң. Алар төмөндөгүлөр:
Мындай ич кийимдер денени кычыштырып, кээ бир оорулардын өнүгүп кетүүсүн шарттайт. Мисалы, дисбактериоз, гарднереллез, молочницанын. Ошондуктан мындай оорулардан дарыланып жүргөндөр таптакыр кийбөөсү керек. Ден соолугу тазалар аптасына 2 ирет кийсе болот.
- Эл “карандаш” деп атап коюучу стринг трусалардын зыяны да болуп көрбөгөндөй. Анткени тасмадай ичке мата сырткы жыныс мүчөлөргө сүрүлө берип, анча сезиле бербеген жаракатты пайда кылат. Анан ал жерде инфекция пайда болуп, ал табарсыкты сезгентет. Сезгенүү болсо циститке жеткизет.
Ошондуктан стрингдерди көп кийүүгө болбойт.
- Тар ич кийимден жамбашта кан көп топтолуп, натыйжада, жатындын жана трубалардын сезгенүүсүн жаратат. Натыйжасы тукумсуздукка алып келүүсү да мүмкүн.
Мырзаларга
- Илимде эркектин тар ич кийими простатитке (урук чыктагыч безинин оорусу) алып келери далилденген. Мындай коркунучка кабылбоо үчүн кененирээк ич кийим кийүү талапка ылайык. Кенен ич кийим модадан чыкканы менен, ден соолук модадан чыкпай турганын эске алуу зарыл.
- Тар ич кийимден ал жердеги дене бөлүгүндө температура жогорулайт. Ысык болсо жумурткаларга таасир берип, уруктуктун аз иштелип чыгуусуна алып келет.
Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №199-санына жарыяланган.