
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөк пул алуучулардын жалпы саны 1-сентябрга карата 24 миң 100 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду алуучулардын саны - 22 миң 300 адам болсо, расымдык жөлөк пул алуучулардын саны - 1 миң 800 адамды түзөт.
Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун орточо өлчөмү - 10 миң 273 сомду түзгөн. Расымдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү - 3 миң 423 сом. Каржыланган жөлөк пулдардын жалпы суммасы - 235 миллион 800 сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга - 229 миллион 600 сом жана расымдык жөлөк пулга - 6 миллион 200 сом сарпталган.
Расымдык жөлөк пул - сөөк коюуга берилүүчү жөлөк пул. Ал төмөнкү категориядагы каза болгон жарандарга дайындалат:
- иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
- жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
- дыйкан чарбанын мүчөсүнө же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
- расмий жумушсуздун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
- социалдык жөлөк пул алуучунун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
- жумушсуз (иштебеген) адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө.