Уюмдар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчётторун электрондук документ түрүндө берүүгө өтүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Аталган мекеме ушул мезгилден тартып салык отчётун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүлөрдү квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала сатып алууга чакырат.
Салык төлөөчүлөрдү электрондук форматка өткөрүү кызматтарды онлайн көрсөтүүнүн жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат.
Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.