Биз социалдык тармакта

Тор, бөтөлкө дагы башка таштандылар. Ысык-Көлдөн 5 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери "Таза Ысык-Көл" коомдук фонду менен биргеликте көлдүн түбүндөгү таштандыларды тазалашты. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тору-Айгыр жана Бостери айылынын көл жээгинен 1 тоннадан ашык таштанды жана ар кандай балык кармоочу тор, желим бөтөлкө алынган. Жалпы 5 тоннадан ашык таштанды чогултулган.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Ысык-Көлдү, ошондой эле Кыргызстандын жаратылыш парктарын жана коруктарын тазалоо боюнча кеңири масштабдагы экологиялык акция өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан