Эртең, 26-сентябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +16… +21;
Таласта түнкүсүн +1… +6, күндүз +15… +20;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +21… +26;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3… +8, күндүз +17… +22;
Нарын облусунун аймактарында түнкүсүн 2… +7, күндүз +17… +22;
Бишкекте 26-сентябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6… +8, күндүз +19… +21.