Биз социалдык тармакта

Лейлек районунда санитардык эрежени сактабагандарга 25 айып протоколу толтурулду

Баткен облусунун Лейлек районунун жарандарына санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишмердүүлүк жүргүзгөн базар, соода тармагы, дүкөндөр, коомдук тамактануучу жайлар, кафе-ресторандар, коомдук жүргүнчү ташуучу унаалар, эс алуучу жайлар күн сайын атайын кызматкерлер бөлүнүп, санитардык эрежелердин нормаларын сактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Учурдагы болуп жаткан пандемияга карата санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тартипке баш ийбей санитардык эрежелердин нормаларын бузган атуулдарга 25 айып протоколдору толтурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан