Шаар мэриясы эпидемиологиялык абал кайрадан начарлаганына байланыштуу шаар тургундарын массалык иш-чараларга барбай турууга чакырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, шаардыктарды мааракелерге, куран окутууга, той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарга барбай турууга чакырат. Өлкөдө, анын ичинде борбор калаада коронавирус менен ооругандар кайрадан көбөйүп жатканы эскертилди. Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэриясы санитардык нормалардын бузулгандыгы тууралуу кабарлоо үчүн төрт райондун акимдеринин биринчи орун басарларынын номерлерин жарыялады.
Эгер санитардык талаптар аткарылбай жаткан учурларга күбө болсоңуз тиешелүү жетекчилерге чалып арыздансаңыз болот. Аларга соода борборлорунда, гипермаркеттерде, коомдук транспортто бет кап тагынбай жүргөн сыяктуу фактылар боюнча да чалууга болот.
Акимдин биринчи орун басарларынын номерлери: