Биз социалдык тармакта

Тышкы иштер министри Корея Республикасынын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Корея Республикасынын тышкы иштер министри Канг менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү 26-сентябрь күнү болгон.

"Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты. Ошондой эле эл аралык күн тартибинин, анын ичинде «Борбордук Азия + Корея Республикасы» диалог аянтчанын алкагында ДСУ, БУУ жана башка маселелер боюнча сөз болду. Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен эки өлкөнүн жарандары өз ара каттоолорун жаңылоо боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашышты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekalife
2020-09-27 13:41:39
Бирок эч теке чечилген жок тилеке каршы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан