
Ош шаарындагы №109 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн башчысы
Абдимомун Райбердиев дүйнө салды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Райбердиев Абдимомун Исрайилович 1961-жылды 20-январында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулган.
1979-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы “Россия” атындагы орто мектебин бүтүргөн.
1979-1981-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1981-жылы Армиядан кийин Ош облусполкомунун ИИБнын Ош шаардык №2 Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүсү кызматына кабыл алынган.
1990-жылы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун РИИБинин мамлекеттик өрт көзөмөл инспекциясынын инспектору кызматына дайындалган.
1993-1994-жылдарына чейин Ош облусунун ИИБинин өрттөн сактоо бөлүмүнүн Жаңы-Арык айылындагы Ош тамеки ферментациялык заводун коргоо боюнча №20 Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмүнүн кароол башчысы кызматында иштеген.
1994-2017-жылдар аралыгында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмдөрүндө жөнөкөй кызматкерден жетекчилик кызматтарда иш алып барып келген.
2017-жылдан 2020-жылдын 26-сентябрына чейин ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын №109 Өрткө каршы куткаруу-бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенип келген.
Маркумдун артында үч кыз, бир уулу калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты Абдимомун Райбердиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.