Биз социалдык тармакта

Кыргыз жарандары Орусиядан 26 автобус менен мекенине келишти (видео)

Бүгүн, 27-сентябрда Орусиядан Кыргыз жарандары 26 автобус менен Кыргыз өлкөсүнө келишти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбор калаанын милиция кызматкерлери менен патрулдук милиция кызматы Ак-Тилек өткөрүү пунктунан жарандарды тосуп алышкан.

"Чек арадан өтүп бара жатканда эки бала жоголуп, аларды патрулдук милиция кызматы тезинен таап, документтерин текшерип, ата-энелерине аман-эсен кайтарып беришкен. Ата-энелер өз кезегинде милиция кызматкерлерине ыкчам жана өз убагында жардам көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришкен", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан