28-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борборунан маалымдашты.
Ал эми күндүз Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт.