Биз социалдык тармакта

БШК 219 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы 219 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 31 мамлекетинен 24 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон 219 адамды эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү.

Алар КМШ Миссиясы (88), КМШ ПААсы (47), ЕККУ/БДИПЧ (35), ЖККУ ПАсы (10), Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши (8), Кыргыз өлкөсүндөгү Германия элчилиги (4), Кыргыз Республикасындагы Япония элчилиги (3), Молдова БШКсы (2), Украина БШКсы (2), Кыргыз өлкөсүндөгү Иран элчилиги (2), Өзбекстан БШКсы (2), Орусия БШКсы (2), Казакстан БШКсы (2), Азербайжан БШКсы (2). Мындан сырткары Румыния БШКсынан, Кыргыз өлкөсүндөгү Х. Зайдель, К.Аденауэр атындагы фонддордон, Кыргыз Республикасындагы Нидерланды, Израиль, Монголия, Пакистан элчиликтеринен, Кыргыз өлкөсүндөгү IFES жана KOIKA өкүлчүлүгүнөн шайлоодо бирден байкоочу болмокчу.

Дагы 39 адамдын аккредитациядан өтүшү күтүлүүдө.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан