Бүгүн, 28-сентябрда Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Ага коронавируска каршы күрөшүүдө кемчилик кетиргендерге кандай чара көрүлгөнү боюнча суроо берилди.
Анын айтымында, жумушту начар уюштургандыгы үчүн ооруканалардын 8 башчысы кызматтан бошотулду, 8ине сөгүш жарыяланды.