Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаарында "Баарына каршы" деген аталыштагы акция өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган акциянын уюштуруучуларынын бири жарандык активист Айбек Мырза билдирди.
"Бул акциянын максаты - баарына каршы добуш берүүгө үгүттөө болуп саналат. Биз партиялык системге каршыбыз. 2010-жылы, 2015-жылы партиялардын бардыгы убадаларын аткарган жок. Партиялар өздөрүнүн программасына туруктуу болуш керек да. Тилекке каршы, кээ бир талапкерлер 5-6 партияны алмаштырып жатышат. Партиялык систем мамлекетти туңгуюкка алып келди.
Акцияга келген ар бир жаран өздөрүнүн аргументтерин айтышты", - деди ал.