Биз социалдык тармакта

Караколдо лыжа базасына кеткен жол жасалып баштады (фото)

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кышкы туризмге карата даярдыктар башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Туризм күнүндө кышкы сезонго даярдык. "Каракол" тоо-лыжа базасына кеткен жол жасалып жатат. Азырынча ушундай. Убакыт келет. Сонун жол салабыз", - деп жазган Түлөбаев.

Маалым болгондой, "Каракол " тоо-лыжа базасында кезинде ССРдин олимпиадалык курама командасы машыккан. Учурда аталган база КМШ өлкөлөрүндөгү популярдуу эс алуучу жайлардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba_00
2020-09-30 11:13:02
Балбак байке чындап иштеп атат окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан