Биз социалдык тармакта

Баткен облусунда күздүк себүү башталды

Баткен облусунда күздүк себүү башталып, учурда кызуу уланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баткен облусунда 2021-жылдын түшүмү үчүн 6 миң 991 гектар жерге күздүк себүү пландалды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 миң 984 гектарга көп. Учурда Кадамжай районунда 22 гектар жерге күздүк эгин себилди", - деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары күздүк себүүнү утурлап, Кадамжай районунда түшүмдүүлүктү арттыруу максатында дыйкандарга үрөндү туура тандоо, органикалык жер семирткичтерди колдонуу боюнча окутуулар уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан