Биз социалдык тармакта

"Мал жандыкка сак болгула". Балыкчыда октябрь айынын башында Орусия учактарынын бомба таштоо боюнча машыгуулары өтөт

Балыкчыда октябрь айынын башында Орусия учактарынын күжүрмөн учуу жана бомба таштоо боюнча машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу Күчтөрүнүн машыгуулары 2020-жылдын октябрь айынын 1,2,6,8 жана 9 ( 13,15,16,20 жана 22 резервдик) күндөрү өтөрү маалымдалды.
"Машыгууга Орусиянын учактары катышат. Ал саат 08:00дөн 18:00гө чейин 20636 Аскер бөлүгүнүн окуу борборунун талаасында өтөт. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын негизинде 20636 Аскер бөлүгүнүн окуу талаасына жакын жайгашкан жергиликтүү жашоочулардан кечирим сурайбыз жана мал жандыктарга сак болууну өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jarkyn_jakta_jasha
2020-09-29 16:55:09
Кечирим сураганынар жакшы экен
+5
Belek1710
2020-09-29 18:56:28
Бомбаны мал жанга таштайбы?!
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан