Биз социалдык тармакта

Премьер-министр пандемиянын биринчи толкунунда биринчилерден болуп обсервациялык жайда иштеген дарыгерге тийиштүү медициналык көмөк көрсөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттыкты сактоо министрлигине 6 айдан бери оор абалда жаткан Ош облусунун Ноокат районундагы "Барын" медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимовага ыкчам тартипте тийиштүү көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги түзүлгөн абалды иликтеп чыгууну жана дарыгерди санитардык авиация аркылуу Бишкек шаарынын адистештирилген медициналык мекемелеринин биринде мындан ары дарылануудан өтүүсү үчүн алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Кубатбек Боронов ошондой эле дарыгерге тиешелүү компенсациялык төлөмдөр берилиши керектигин кошумчалады.

Мукарам Ураимова18-19-мартта COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда биринчилерден болуп обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80 пайызы жабыркаган. Мукарам Ураимова ооруканада 3 ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asel69
2020-09-29 14:02:32
Жараткан Тенирим элибизге тынчылык берсин. Тенирим колдоп, оорудан сактасын
-3
nemo2016
2020-09-29 18:08:34
Каяктагы пандемия дуйнодо согуш болуп жатат андан коро армияны кучоткуло
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан