Биз социалдык тармакта

Ош шаарында өтүп жаткан 3 үлпөт той токтотулду

Ош шаарында үйлөнүү үлпөт тойлор токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган аймакта жарандык коргонуунун штабынын чечимине ылайык, коомдук тамактануучу жайлардын, ресторандардын жана тойкананын администрациялары менен карантин жарыяланган мезгилде той-мааракелерге жол берилбөө боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө. Шаардык мэриянын өкүлдөрүнөн, МАБ жетекчилиги жана адистеринен, санитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкерлеринен, укук коргоо органдарынын, салык кызматынын жана Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрүнөн турган комиссия ири ресторандардын жана тойкананын ишин текшеришти.

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандарды текшерүүнүн алкагында тиешелүү протоколдор түзүлүп, административдик айыптар салынды. Бирок комиссия рейддерди өткөрүүнүн негизги милдети - айып пул салуу эмес, түшүндүрүү иштерин күчөтүү экендигин баса белгилешти. Жарандар жана ресторандар менен оюн-зоок мекемелеринин администрациясы эл көп чогулган жерлерде коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун сезип, жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштерин түшүнүшү керек.

"Рейддин жүрүшүндө шаардагы үч ресторанда өтүп жаткан үйлөнүү тойлор токтотулду. Текшерүү иштери күчөтүлгөн тартипте шаардын бардык аймактарында өтөт".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaka78
2020-09-30 00:20:44
Ошто күчөдү го той
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан