Биз социалдык тармакта

Биринчи этап менен алынган сасык тумоого каршы вакцинанын 99 пайызы колдонулду

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, сасык тумоого каршы эмдөө үчүн биринчи этап менен 119 миң 643 доза сатып алынган.

Бөлүштүрүү планга ылайык, төмөнкүдөй жүрдү:

Бишкек шаары – 27 миң;
Чүй облусу – 24 миң;
Ош шаары – 5 миң;
Ош облусу – 18 миң;
Жалал-Абад облусу – 17 миң 643;
Баткен облусу – 9 миң;
Ысык-Көл облусу – 9 миң;
Нарын облусу – 5 миң;
Талас облусу – 5 миң.

"Бүгүнкү күндө вакцинанын 118 миң 682 дозасы же 99,2% колдонулду. Октябрь айында сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келери күтүлүүдө".

Эскерте кетсек, республиканын бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда (ҮБДТ, ФАП) тобокел тобуна кирген адамдарга, ошондой эле коомдун аярлуу тобуна кирген (өнөкөт оорулары барлар, көп ооруган балдар, 65 жаштан жогорку курактагы адамдар, карылар үйүндөгүлөр, кош бойлуу аялдар, медицина кызматкерлери, мектеп-интернатындагы жана балдар үйүндөгү тарбиялануучулар) адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан