Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Сейил бактагы тазалыкты камсыздабаганы үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине айып пул салынды"

Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясына калаа тургундарынан сейил бакта таштандылар жаткандыгы тууралуу арыздануулар келип түшкөн. Келип түшкөн кайрылуулардан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Абдрахманов менен Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бакка ташталган таштандылар тууралуу көптөгөн арыздар келип түшкөн. Келип түшкөн кайрылуулардан кийин санитардык кызматтын кызматкерлери сейил бактын аймагындагы тартипти бузуу фактысын аныктап, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тазалыкты камсыз кылуу боюнча буйрук калтырган. Бирок коомдук жай иретке келтирилбегендиги үчүн министрликке карата мыйзам бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлдү, - деп айтылат маалыматта.

Мэриянын санитардык-экологиялык кайгуул кызматы: 0(558) 58-88-40.

Биринчи Май району: 0(555) 40-48-18;

Свердлов району: 0(551) 55-17-45;

Октябрь району: 0(500) 21-04-70;

Ленин району: 0(500) 08-55-80.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан