Биз социалдык тармакта

Бишкекте өнөр адамдары жана тойканаларда иштегендер тынчтык митингине чыгышты. Акция Таласта дагы болду

Бүгүн, 29-сентябрда борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдында өнөр адамдарынын, кафе, ресторандардын жумушчуларынын катышуусунда тынчтык митинги өттү. Акциянын катышуучулары жумушсуздук күч алганда жергиликтүү бийлик тойканалардын ишин улантууга уруксат берүүсүн талап кылышты.

Митингге чыккандар тойлор боюнча коюлган чектөөлөргө нааразычылыгын билдиришип, тарап кетишти. Иш-чарага 100дөн ашык киши чогулганын митингдин катышуучусу, ырчы Курал Чокоев билдирди.

"Митингге чыгууга алдын ала шаардык мэриядан уруксат алынган. Бүгүнкү иш-чарага өнөр адамдары, ашпозчулар, официанттар жана башка жумушчулар катышты. Акция 40 мүнөткө жакын убакытка созулуп, анда топтолгондор тойлорду өткөрүүгө уруксат берилсин деген талаптарыбызды айттык. Анткени тойканаларды жаап койсо үйдөн той кылабыз. Анда тескерисинче, санитардык эрежелер так сакталбай калат. Ал эми кафе, ресторандар иштесе баары эреже менен болот.

Коомдук жайлар, соода борборлору, базарлар иштеп, кафе, ресторандардын иштөөсүнө чектөө коюлуп жатат. Оорунун баары эле тойканалардан жуккан жок", - дейт ал.

Акцияга чыккандар өздөрүнүн талабын билдирүү иретинде флешмоб даярдашып, аны видеого тартышты. Ушундай эле акция өлкөнүн башка аймактарында, тагыраагы, Таласта өткөнүн, Ысык-Көлдө дагы уюштурулуп жатканын кошумчалады Курал Чокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaka78
2020-09-30 00:22:39
Буларга ырдап-чардаш керек го,ооруп калса эмне болоорун тушунпойбу бул ырчы сөрөйлөр
+2
urmat94
2020-09-30 12:55:32
Булардыкы да туура оз жанын ырдап багышат эле да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан