Бишкекте белгисиз адамдар Гапар Айтиевге арналып коюлган мемориалдык тактага сүрөт тартып кетишти. Бул тууралуу Павла аттуу социалдык тармактын колдонуучусу өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, кечээ ал белгилүү сүрөтчүнүн мемориалдык тактасына мазактап сүрөт тартып кеткендигин байкаган. Ал баракчасына сүрөт тиркеп, "Биздин келечек маңкуртпу?" деген суроону калтырган.
Ал эми бул маселе тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматынан Жибек Каракеева учурда мемориалдык тактаны тазалоо үчүн атайын каражаттар сатып алынганын, бүгүн толугу менен калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди.