Биз социалдык тармакта

Бишкектин тургундары "үшүдүк" дешүүдө. Жылуулуктун берилиши боюнча мэриянын жообу

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары батирлериндеги суукка нааразы болуп, качан жылуулук берилерин сурай башташты. Бишкек шаарынын тургундары пандемияга байланыштуу быйыл жылуулукту эрте берүүсүн сунуш кылышууда. Анткени алар ооруп калгылары келбейт.

Бул маселе боюнча Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматына SUPER.KG порталы байланышты.

"Бул маселе учурда каралып жатат. Жакынкы арада штабда каралып, кайсы күнү берилери чечилет. Негизинен жылуулукту берүү аба ырайына дагы жараша болот. Мисалы 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгон учур дагы эске алынат", - деп билдиришти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-09-30 17:39:39
Төшөкө кирип уктагыла.
0
Saidochka
2020-09-30 20:22:26
Ошто деле үшүдүк бүгүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан