Күз мезгилинин биринчи айы дагы аяктап, күн сууктап калган чагы. Жалбырактар саргайып, айлананы алтын түскө боёсо, адырларда чөптөр куурап, айлананы керемет кооздукка бөлөп турган убагы. Мезгилдин мындай кереметин акындар ырга салса, сүрөтчүлөр сүрөткө тартып алганы чоң табылга.
Ал эми сиздерге сүрөтчү Зафер Динчерге таандык күз мезгилин чагылдырган сүрөттөрдү сунуштайбыз. Тиричиликтин маселелерин бир аз болсо да унутуп, жаратылыштын көркөмдүгүнө суктаныңыз.







