Өлкөнүн Экономика министрлиги көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнү сунуштоодо. Долбоор өкмөттүн коомдук талкуусуна коюлду дешти аталган министрликтин басма сөз кызматынан.
Анда коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү максатында киргизилген өзгөчө кырдаал режими, өзүн изоляциялоо жана чектөөлөр калктын материалдык абалына терс таасирин тийгизгенин белгилешет. Мындан улам Экономика министрлиги көмүрдүн баасынын жогорулоо темпин ооздуктоо, калкты күйүүчү май менен өз убагында жана туруктуу камсыздоо үчүн убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү зарыл деп эсептейт.
Өкмөт социалдык маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу кызматын 90 күнгө чейинки мөөнөткө киргизүүгө укуктуу.