Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүнүн калкы акырындап улгаюу босогосуна жакындоодо

Кыргыз өлкөсүнүн калкы акырындап улгаюу босогосуна жакындоодо. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Статистикага ылайык, 2020-жылдын башында 65 жаштагылар жана андан улуулар 317 миңдей адамды же калктын 4,9 пайызын түзүп турганы көрсөтүлөт.

"Ушуга карабастан КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул көрсөткүч бир топ төмөн. Алсак, 2018-жылы бул көрсөткүчтөр Азербайжанда 6,8 пайыз, Казакстанда 7,3 пайыз, Арменияда 11,9 пайыз, Орусияда 14,6 пайыз, Беларусь өлкөсүндө 15,2 пайыз болгон.

БУУнун божомолдоосу боюнча Кыргыз өлкөсүндө мындай тенденция болжол менен 2030-жылдарда пайда болот, ошол мезгилде 65 жаштагы жана андан улуулардын саны 7 пайызга жакындап барат.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана башка министрликтер менен мекемелерде 2019-жылдын аягында каттоодо 715 миңге жакын пенсионер турган. Алардын ичинен дээрлик 530 миң адамга жакыны жаш курагы боюнча пенсия алуучулар болуп саналат.

2019-жылы пенсиянын орточо көлөмү 5 миң 960 сом болуп, пенсионерлер үчүн жашоо минимумунун бюджетинен 1,4 эсе жогору болуп, 4 миң 287сомду түзгөн", - деп жазылат маалыматта.

БУУнун жаш курак боюнча классификациясына караганда, эгер жалпы калктын эсебинде 65 жаштагылар жана андан улуулардын саны 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет. Эгер 4төн 7 пайызга чейинки интервалда болсо, калк улгаюу босогосунда, эгер 7 пайыздан жогору болсо анда улгайган калк деп саналат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан