Жалал-Абад шаарында май куйуучу жайларга рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
"Жалал-Абад шаарында соода-маркеттерине жана май куйуучу жайларга рейд жүрүүдө.
Санитардык талаптардын аткарылышы текшерүүгө алынып, сактабагандарга олуттуу чаралар көрүлүүдө.
Мындай текшерүүлөр күчөтүлөт. Май куйуучу жайларда кардарды оператор тейлеши керек. Эрежени сактабагандардын электр жарыгы өчүрүлөт", - деп жазылат маалыматта.