Биз социалдык тармакта

Өлкөдө улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 9 миң 700 адамды социалдык кызматкерлер карайт

Өлкөдө улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 9 миң 700 адамды социалдык кызматкерлер карайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

"Учурда республика боюнча 935 социалдык кызматкерлер 9 миң 700 миң жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө тейлейт. Анын ичинен 4 миң 316 адам улгайган жарандар.

Социалдык кызматкерлер дары-дармектерди, азык-түлүк жана керектүү буюмдарды сатып алууга көмөктөшөт. Медициналык, юридикалык кызматтарды алууга жана үй тиричилигинде жардам берет", - деп жазылат маалыматта.

2020-жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча пенсиялык камсыз болуу укугуна ээ болбогон 1 миң 531 улгайган жарандар 1000 сом өлчөмүндө ай сайын социалдык жөлөк пул алары маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан