Эртең, 2-октябрда Чүй, Талас, Нарын, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2, күндүз +11;
Талас облусунда түнкүсүн +6, күндүз +17;
Ош облусунда түнкүсүн +9, күндүз +19;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +8, күндүз +20;
Баткен облусунда түнкүсүн +8, күндүз +18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9, күндүз +13;
Нарын облусунда түнкүсүн +2, күндүз +12.
Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7, күндүз +18 градус болот.