Биз социалдык тармакта

Мотурайган бөбөктөр да катышты. Бишкекте №187 бала бакчанын кошумча имаратынын ачылышы өттү

Борбор калаа Бишкекте №187 бала бакчанын кошумча имаратынын курулушу соңуна чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бала бакчанын кошумча курулушун балдар, конуштун тургундары, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жумабек Салымбеков, Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов менен биргеликте ачышты.

"Бала бакчанын кошумча имаратынын аянты 155 чарчы метрди түзөт. Кошумча курулушта уктоочу, оюн бөлмөлөрү, тамбур, кийинүү бөлмөсү, коридор, идиш жуучу бөлмө, даараткана, музыкалык зал жана кампа жайгаштырылган. Бардык коммуникациялар кошулду (жылуулук, суу өткөрүүчү жана канализациялык түйүндөр, электр энергиясы) кошулду. Курулуш иштерине шаардык бюджеттен 6,7 миллион сом каражат бөлүндү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан