Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө салым кошкон жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы кыргыз элинин жогорку деңгээлдеги тилектештигин жана ынтымагын сыймыктануу менен белгиледи.
"Кары-жашына, ээлеген кызматына карабай чын дилинен элге жардам берген азаматтарыбыз көп болду. Эл биримдиги жүздөгөн жарандарыбыздын өмүрүн сактады", - деди ал.
Мамлекеттик сыйлыктар менен медиктер, ошондой эле пандемия менен күрөшкө тартылган куткаруу кызматынын, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер сыйланышты.