Биз социалдык тармакта

2-6-класстарды санитардык талаптарга жооп берген гана мектептер кабыл ала алат

Мектеп окуучуларын, тагыраагы, 2-6-класстарды окутууга бардык санитардык эрежелерге жооп берген гана мектептер кабыл ала алат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

"Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Билим берүү министрлиги биргеликте 2-6-класстардын кадимкидей тартипте окуусун кайра жандандыруу үчүн алгоритм иштелип чыккандыгы кабарланган. Белгилей кетүүчү жагдай, бардык санитардык талаптарды камсыз кылууга даяр болгон мектептер гана иштей алат", - деди Үсөнбаев.

Кечээ, 1-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов 6-октябрдан баштап өлкөдөгү 2-6-класстын окуучулары мектепте окуй ала тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан