2019-жылы коммуналдык чарба ишканалар тарабынан 1 миллиондон ашык тиричилик таштандылары чыгарылган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 9,5 пайызга көп деп билдиришет Улуттук статистика комитетинен.
Жалпы чыгарылган таштандынын ичинен:
Эң көп таштанды Бишкек шаарынан 34,2 пайыз жана Ош шаарынан 30,5 пайыз чыкканы маалымдалат.
"Шаар тургундарынын 82 пайызы тиричилик тантандыларын таштанды контейнерге эмес, таштанды жаткан жерлерге чогулта беришкен. Ал эми айыл жергесинде таштандыдан көбүнчө жерге көмүү жана өрттөө менен тазалашат", - деп жазылат маалыматта.