
5-октябрда Ош шаарынын 3020 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
"Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар уюштурулбайт. Негизги майрамдык иш-чара борбордук аянтта орун алып, маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолот.
Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр болуп, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт болот.
Кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат" , - деп жазылат маалыматта.