Бүгүн, 3-октябрда "Шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган заманбап технологиялар, андагы Кыргыз өлкөсүнүн тажрыйбасы" аталышындагы конференция болуп өттү.
Аталган иш-чарада Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мобилдик топтун иштерине токтолуп, чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 32 миң 602 жаранды түзгөнүн билдирди.
"Чет өлкөдө шайлоочулардын катарына кошулуу үчүн жалпысынан 5 өлкө боюнча 31 шаар камтылды. Мобилдик бригаданын жумуштарынын алкагында 33 мобилдик консультация өткөрүлгөн. Ал эми 1 миң 376 адамдан ашык жаран аталган жумушчу топтун жыйындарына катышкан. Ошондой эле чет өлкөдөгү консулдуктарга 340 Кыргыз жараны каттоого турса, 382 мобилдик консультациянын катышуучулары биометрикалык маалыматтарын тапшырышты", - деп билдирди.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо эртең, 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышат.