Биз социалдык тармакта

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоого кимдер бойкоо жүргүзөрүн айтты

Бүгүн, 3-октябрда "Шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган заманбап технологиялар, андагы Кыргыз өлкөсүнүн тажрыйбасы" аталышындагы конференция болуп өттү.

Аталган жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоого кимдер байкоочу боло аларын билдирди.

"Парламенттик шайлоо ачык-айкын, ишенимдүү жана таза өтүүсүнө байкоочулардын дагы ролу чоң. Шайлоого жалпысынан 277 эл аралык байкоо жүргүзүлөт, 43 өлкөдөн 33 уюмдун өкүлдөрү келишти. Ал эми коомдук байкоодон болсо, 77 жарандык коомдун өкүлдөрү байкоо жүргүзөт. Андан кийин, албетте, 16 саясий партиядан атайын өкүлдөр байкоо жүргүзөт", - деп билдирди БШКнын төрайымы.

Парламенттик шайлоо эртең, 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан